Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайга президент Садыр Жапаровдун ысымы ыйгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЫмыркай төрөт үйүндг палатасында. Архивдик сүрөт
Ымыркай төрөт үйүндг палатасында. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Таштанды челектен табылган ымыркайга президент Садыр Жапаровдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Бишкектин №1 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Замира Матубраимова билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди балдар бөлүмүнүн жамааты кабыл алган.
“Президенттей күчтүү, акылдуу, акыйкат, өз өлкөсүнө күйгөн адам болсун деген тилек менен ысым ыйгарылды”, — деди ал.
9-ноябрь күнү борбор калаадагы таштанды челектердин биринин ичинен ымыркай табылган. Бала №1 төрөт үйүнө өткөрүлүп, абалы жакшырган. Ымыркайдын энеси табылып, кармалган.
Жаңы төрөлгөн ымыркайдын колдору. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Мэрия баладан баш тарткысы келген энелер каякка барышы керектигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0