Унаа терезелерин төмөн баада караңгылатуу акциясы аз күндө бүтөт

© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской областиАвтоунаалардын айнектеринин караңгылатуусу. Архивдик сүрөт
Автоунаалардын айнектеринин караңгылатуусу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жазылуу
Бийлик бюджетке көбүрөөк акча чогултуу үчүн эки айлык арзандатуу жарыялаган.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемеси транспорт ээлерине аз күндө алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алуу акциясы аяктай турганын эскертти.
Маалыматка ылайык, 30-ноябрга чейин автоунаасынын терезесин караңгылаткандар 30 миң сомун үнөмдөйт. Мындай жеңилдиктер 2-октябрда башталган.
Акция мезгилиндеги баасы:
жеке жактар үчүн — 80 миң сомдун ордуна 50 миң;
юридикалык жактар үчүн — 100 миң сомдун ордуна 70 миң;
чет өлкөлүктөр үчүн – 120 миң сомдун ордуна 90 миң сом.
Арзандатылган баада унаа терезелерин караңгылатуу үчүн айдоочулар "Унаа" мекемесинин бардык бөлүмдөрүнө кайрылса болот.
Белгилей кетсек, былтыр май айынан тарта темир тулпарлардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат берилген. Бир жылдын аралыгында андан 236 миллион сом түшкөнү айтылган. ИИМ терезелерин караңгылатууга уруксат алууну каалаган адамдардын саны өспөй, мурдагы деңгээлде эле калганын айтууда. Мындан улам элге ыңгайлуу жана жагымдуу шарт түзүү үчүн акция өткөрүүнү демилгелешкен.
Бишкектин жанындагы унаа базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Кыргызстанда миллиондон ашуун унаа бар, эки жылда 4%га көбөйдү
Жаңылыктар түрмөгү
0