Жалдагы балдар ооруканасында арзан дарыкана ачылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Министерсва Здравоохраниения КРБишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда “Эл Аман” аталышындагы мамлекеттик дарыкана ачылды
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда “Эл Аман” аталышындагы мамлекеттик дарыкана ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жазылуу
Учурда жер-жерлерде мамлекеттик дарыканалар ачылып жатат.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда “Эл Аман” аталышындагы мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
© Фото / пресс-служба Министерсва Здравоохраниения КРОткрытие государственной аптеки "Эл Аман" в Национальном центре охраны материнства и детства
Открытие государственной аптеки Эл Аман в Национальном центре охраны материнства и детства  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Министр Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик дарыканалардын ачылышы калкты арзан жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыздай турганын айтты.
Министр адегенде республика боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалганын, бүгүнкү күндө алардын саны 49га жеткенин белгилеген.
“Албетте, алгач уюштуруу маселелерине байланыштуу нюанстар болушу мүмкүн, бирок негизги процесс башталды. Келечекте бардык дарыканаларда препараттардын түрүн 800дөн 2000ге чейин көбөйтүү пландалган”, — деди Бейшеналиев.
Шаар тургундары дарыларды бул жактан 10-15 пайыз арзан сатып алышат.
Ош шаарында Эл Аман мамлекеттик дарыканасынын ачылышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Ош менен Жалал-Абад облустарында дагы мамлекеттик дарыканалар ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0