Бишкектиктер иммунитетинин деңгээлин акысыз биле алат

© Sputnik / Павел ЛисицынМедайым кишинин колунан анализ үчүн кан алып жатат. Архивдик сүрөт
Медайым кишинин колунан анализ үчүн кан алып жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Жазылуу
Жарандар кан аркылуу кайсы ооруларга каршы иммунитет бар экенин билишет.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектиктер иммунитетинин деңгээлин акысыз каяктан билип алса болорун мэрия айтып берди.
Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгында Республикалык вирустарга каршы илим-изилдөө борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов маалымат жыйын берген.
Эксперттин айтымында, 2002-жылдан бери гепатитке каршы 2,8 миллиондон ашык адам эмделген. Натыйжада вакцина алгандардын арасында бул оору менен ооругандар катталган эмес.
“Бул көрсөткүчтөр В жана Д гепатитине, боор циррозуна, боор рагына каршы иммунитет калыптанганын аныктайт. Кан тапшыруу менен жарандар организминде кайсы ооруларга каршы иммунитет бар экенин биле алышат”, — деп жазылган маалыматта.
Бул үчүн Бишкек шаарындагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда атайын пунктулар ачылганын билдирди.
Процедураны жүргүзүү үчүн med.kg сайтынан каалаган Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна катталуу керек. Өнөктүк 13-ноябрдан 25-ноябрга чейин созулат.
Улуттук госпиталдын №2 неврологиялык бөлүмүнүн дарыгери Дилбар Курманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Радио
Дарыгер инсультка алып келүүчү себептерди санады
Жаңылыктар түрмөгү
0