Жалал-Абадда курак, терме, сайма, оймо боюнча республикалык сынак өтөт

© Sputnik / Владислав НогайКол өнөрчүлөр сынак учурунда сайма сайып жатышат. Архивдик сүрөт
Кол өнөрчүлөр сынак учурунда сайма сайып жатышат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Жазылуу
Катышуучуларга синтетика буюмдарын колдонууга тыюу салынат.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда "Терме – акылдын айдыңы, курак – элдин байлыгы" аттуу республикалык кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, иш-чара 14-15-ноябрда Барпы драма театрында болот.
Фестивалдын максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо, жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, элдик кол өнөрчүлүктүн өнүгүүсүндөгү ар түрдүү көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү, аймактар аралык маданий-экономикалык байланыштарды чыңдоо, бекемдөө, жаш чеберлерди көркөм улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу.
Сынакка өлкөдөгү облус жана шаарлардын кол өнөрчүлөрү, дизайнерлер, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана чеберлер катыша алат.
Кароо-сынактын шарты боюнча, катышуучулардын саны чектелбейт. Буюмдар өзгөчө терме, курак, оюулар түшүрүлгөн көчөттөр менен, нукура кыргызча, сапаттуу жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен даярдалышы керек.
Эскертүү: синтетикалык буюмдарды колдонууга тыюу салынат.
Маалыматта кошумчалангандай, фестивалдын жүрүшүндө бир катар багыттар боюнча жеңүүчүлөр тандалып алынат жана аларга акчалай сыйлык, дипломдор ыйгарылат.
Электрондук дареги: ncc07mail.ru;
Байланыш номери: 0701337789.
Комуз кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Байге фонду 1 млн. сом. Бишкекте республикалык айтыш өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0