Садыр Жапаровдун Сауд Арабиядагы иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаровдун Сауд Аравияга болгон иш сапары
Президент Садыр Жапаровдун Сауд Аравияга болгон иш сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Жазылуу
Президент Ислам кызматташтык уюмунун саммитине катышып, анда Палестина-Израиль жаңжалы боюнча талкууга катышкан.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга болгон иш сапары 11-ноябрда аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу өлкө лидеринин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров иш сапардын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз VIII саммитине катышты. Ал чыгып сүйлөп, Кыргызстан Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтуларын белгиледи.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 8-9-ноябрда Өзбекстанга иш сапары менен барган. Андан ары Парижге "Бир планета" саммитине катышуу үчүн жөнөп кеткен.
Франциядан соң 11-ноябрда Сауд Арабияга иш сапары менен барган.
Президент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
С. Жапаров: Кыргызстан Палестина элинин суверендүү мамлекет түзүү укугун тааныйт
Жаңылыктар түрмөгү
0