Бийлик Кыргызстандагы айрым айылдардын аталышын өзгөртүүнү сунуштоодо. Тизме

© Sputnik / Михаил ДудинНарын облусу. Архив
Нарын облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Жазылуу
Жетекчилик муну менен улуттук идеологияны чыңдоо, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүнү көздөөдө.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда бир катар айыл аймак жана айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталууда. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин коомдук талкуусуна коюлган.
Бийлик муну менен улуттук идеологияны чыңдоо, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүнү көздөөдө.
Айыл аталаштарын төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталган:
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды деп атоо;
Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына Э. Дайракуновдун ысымын берүү;
Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылын Сатыкей деп атоо;
Манас районунун Май айыл аймагындагы Новодонецкини Айтматов айылы деп атоо;
Покровка айыл аймагын Семетей, Покровка айылын да Семетей деп атоо;
Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз-Олуя деп атоо;
Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылын Бообек айылы деп атоо;
Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу деп атоо;
Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынын Ичке-Булуң айылын Коңурат айылы деп атоо.
Аял арыз жаткан учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Мунапыстын алкагында жерине кызыл китеп берүүнү сурап 136 миң жаран арыз берди
Жаңылыктар түрмөгү
0