Күнүнө 1 200 сомдон төлөнөт! Мэрия жумуш сунуштоодо

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКоомдук транспорттогу контролёр
Коомдук транспорттогу контролёр  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" контролёр болом дегендерди жумушка чакырып жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Контролёр автобустардагы накталай эмес төлөмдү көзөмөлдөп, "Тулпар" карталарын сатат. Жумуш убактысы эртең мененки саат 07:00дөн кечки 08:00 чейин. Эмгек акысы күнүнө 1200 сом. Андан тышкары, ар бир саткан "Тулпар" карталары үчүн 10 сом каралган", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия бардык суроолор боюнча 0550553444, 0555 525 452 (WhatsApp) номерлери аркылуу кайрылууну өтүндү.
Бишкектеги газ менен жүргөн автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Эми Бишкектеги эл ташыган автобустардын ылдамдыгы азаят
Жаңылыктар түрмөгү
0