Бишкектеги бала бакчага кошумча корпус курууга сынак жарыяланды. Шарттары

© Фото / пресс-служба мэрии ОшаБала бакчадагы ойноо залы. Архивдик сүрөт
Бала бакчадагы ойноо залы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкектеги №8 бала бакчага эки кабаттуу кошумча корпус куруу үчүн сынак жарыялайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта имараттын жалпы аянты — 987,9 чарчы метр, сметалык наркы 75 241 136 миң сом экени айтылат. Кошумча корпус 90 орунга ылайыкталышы керек.
"Объектинин курулушу шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт", — деп билдирди мэрия.
Сынак тууралуу толук маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына www.zakupki.gov.kg жарыяланган.
Коомдук транспорттогу контролёр  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Күнүнө 1 200 сомдон төлөнөт! Мэрия жумуш сунуштоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0