Заседание Совета МПА СНГ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтөт. 2023-жылы Кыргызстан шериктештиктин уставдык органдарында төрагалык кылууда. Иш-чаранын негизги темасы — орус тилинин КМШдагы улуттар аралык баарлашуу тили катары ролу.

Бишкектик жүргүнчүлөрдүн эсине: троллейбустар эртең дагы жүрбөйт

© Фото / Кристина КуманченкоБишкек шаарынын бир аялдамасынын жанында токтоп турган троллейбус. Архив
Бишкек шаарынын бир аялдамасынын жанында токтоп турган троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкекте эртең саат 8:30дан тарта жолдор жабылып, бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Троллейбустар бүгүн дагы каттамга чыккан эмес.
“Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат беребиз. Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт”, — деп жазылган маалыматта.
Мындай чара КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясын өткөрүүгө байланыштуу көрүлүүдө.
Коомдук транспорттогу контролёр  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Күнүнө 1 200 сомдон төлөнөт! Мэрия жумуш сунуштоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0