Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд. долларга жакындап калды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын желегинин үстүндө турган жүз долларлык купюрасы. Архив
Кыргызстандын желегинин үстүндө турган жүз долларлык купюрасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Жазылуу
Мамлекеттик карыздын басымдуу бөлүгү тышкы бересенин үлүшүнө туура келет.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Сентябрдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 987 миллион долларга (531,1 миллиард сом) жетти. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында айтылат.
Бул сумманын басымдуу бөлүгү — тышкы бересе. Ал дээрлик 4,5 миллиард долларга (398 миллиард сомго) барабар. Бул сумманын 51,9 пайызы өлкөнүн көп тараптуу насыялары экени айтылды.
Ички карыз 1,5 миллиард долларга (133,1 миллиард сом) бааланган.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
90%ын жойдук. Садыр Жапаров коррупция жана тышкы карыз тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0