Колорадо соту Трампты 2024-жылы шайлоого катышууга жол ачкан чечим чыгарды

© AP Photo / Jae C. HongАКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Жазылуу
Колорадодогу чечим Трампты шайлоо бюллетендеринде калтырган башка бир нече штаттардагы соттордун ушундай өңүттөгү кадамдарынан кийин чыгарылган.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Колорадо соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты 2024-жылы шайлоого катышса болорун ачыктаган чечим чыгарганын РИА Новости Associated Press басылмасына шилтеме берип жазды.
Соттон Трамптын 2021-жылы Капитолийге “аттанууга” тиешеси бар экенин, бирок ал антын бузбаганын билдирип, президенттик шайлоого талапкерлигин коё аларын айткан.
Агенттиктин маалыматына караганда, сот өз чечиминде АКШ президенти Жозеф Байденге бийликти өткөрүп бербөө үчүн "Трамп саясий зомбулукту козутуу ниетин Капитолийге бурган" деген тыянакка келген. Бирок сот президенттерди мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынышы мүмкүн болгондордун катарына кошуу керекпи же жокпу деген маселеге "эки тараптын тең ынанымдуу жүйөлөрү" бар экендигин белгилеген.
Агенттик жазгандай, Колорадодогу чечим Трамптын ысымын шайлоо бюллетендеринде калтырган башка бир нече штаттардагы соттордун ушундай чечимдеринен кийин чыгарылган. Ошол эле учурда Трамп буга чейин бир дагы шайлоо бюллетенинен чийилген эмес.
Эки жыл мурда Трамптын тарапкерлери Капитолийге кол салып, жүздөгөн демонстранттар камакка алынган. Бул иш Трампка каршы дагы каралып жаткан.
Кийинки президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрында өтөт. Азыркы лидер Байдендин Демократиялык партиядан катышары күтүлүүдө.
Здание Капитолия США в Вашингтоне. Архивное фото  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Трампты "сындыралы" дешкен. Капитолийди басып алууга катышкан "шамандын" видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0