Пакетке ороп, коробкага салып койгон. Арча-Бешикте табылган наристенин видеосу

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖаңы төрөлгөн наристе. Архив
Жаңы төрөлгөн наристе. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Жазылуу
Ымыркай кечээ түнү табылган.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ленин РИИБи түндө Бишкекте көчөгө ташталган ымыркай тууралуу кененирээк маалымат берди.
Билдирмеге караганда, 19-ноябрь күнү кечки саат 22:45тер чамасында милицияга Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин дарбазасынын түбүнөн жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
"Кызыл эт баланы полиэтилен пакетке ороп, коробкага салып таштап кетишкен", — деп жазылат кабарда.
Аталган факт бирдиктүү реестрге катталып, тергөөгө чейин текшерүү иштери башталды.
"Ымыркай ордо калаадагы төрөт үйлөрүнүн бирине жеткирилген. Учурда бала дарыгерлердин көзөмөлүндө. Азыр анын апасы изделүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Интернетке жарыяланган видеодо көрүнүп тургандай, жаңы төрөлгөн наристени милиция кызматкерлери ордо калаадагы төрөтканалардын бирине алып барышкан.
Белгилей кетсек, ноябрь ичинде мындай учур экинчи ирет катталып жатат. Буга чейин борбор калаадагы таштанды челектин ичинен кызыл эт ымыркай табылып, №1 төрөт үйүнө тапшырылган. Кийин анын энеси кармалган. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги наристенин туугандарын издеп, таенеси Таластан Бишкекке келип, небересин алып кетүүгө даяр экенин айткан. Келиндин ден соолугуна байланыштуу Октябрь райондук соту аны сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил кат менен бошотуу чечимин кабыл алган. Кийин энеси мындай кадамга корккондуктан барганын айтып, баласын өзү багарын айткан.
Курчагы менен отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Араванда сабалган эгиз кыздарга өгөй чоң энеси да кол көтөрүп жүргөнү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0