Чүйдө 1,5 жылда 755 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековТакси автоунаасы. Архив
Такси автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жазылуу
ЖКККББ жол эрежесин көп бузган автоунаанын сүрөтүн жарыялады. Андан машинага Россия номери тагылганын көрүүгө болот.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Чүйдө бир жарым жыл ичинде 755 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кармалганын Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, айдоочу Chevrolet Lacetti үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2022-жылдын 30-майынан 2023-жылдын 20-ноябрына чейин 755 жолу жол эрежесин бузуп, "Коопсуз шаардын" камерасына түшкөн.
"Ал айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн Бишкек — Кордай жолунан кармалып, машинасы Аламүдүн районундагы айып короого токтотулган", — деп жазылат маалыматта.
Айып пулдардын жалпы суммасы көрсөтүлгөн эмес. ЖКККББ жол эрежесин көп бузган автоунаанын сүрөтүн жарыялады. Андан машинага Россия номери тагылып турганын көрүүгө болот.
ЖКККББ айдоочулардан жол эрежесин бузгандыгы үчүн чыккан айып пулдарды убагында төлөөнү эскертти.
Бишкек шаарындагы коомдук транспорт. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Мэрия Бишкекте эреже бузган автобустарды каттап жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0