Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Гитлердик синдром": Украинада карыя, балдар жана аялдар аскерге тартылабы?

© AP Photo / Alex BabenkoАндреевканын жанында Украинанын аскер кызматчыларынын тобу
Андреевканын жанында Украинанын аскер кызматчыларынын тобу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жазылуу
АКШ менен НАТОнун кысымы менен киевдик режим Украина Куралдуу күчтөрүнүн жаңы "контрчабуулу" үчүн жапырт мобилизацияга белсенди.
Иш жүзүндө бул Вашингтондун Европадагы кызыкчылыктары үчүн калкты кыргынга айдоо планы экенин белгилеген аскерий баяндамачы Александр Хроленко Украинадагы аскерге тартуу аракеттерине сереп салган.
РФ Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин 20-ноябрда Батыш орду толгус жоготуулар болорун эске албастан Зеленскийдин режиминен дүйнөгө Россиянын жеңиши мүмкүн эместигин көрсөтүүнү талап кылып жатканын билдирди.
Кошмо Штаттар менен Улуу Британия Украина жетекчилигине аскерге чакыруу курагын 17 жашка чейин төмөндөтүп, ошол эле учурда чекти 70 жашка дейре жогорулатууну, аялдарды кошумча мобилизациялоого кеңеш берүүдө. Коргоо министри Рустем Умеров Жогорку Радага украиналык армияга алуу жаш чегин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү сунуштады.
РФ Тышкы чалгындоо кызматы бул багытта Владимир Зеленский менен Адольф Гитлердин кадамдарындагы окшоштуктарды белгиледи. Гитлер 1944-жылдын күзүндө, Германиянын багынып беришине туура жети ай калган маалда, 16 жаштагы балдар жана алтымыштагы аксакалдардан кошуун түзүүгө буйрук берген. 17 жаштагы уландарды, 60 жаштагы аялдарды жана 70 жаштагы карыяларды аскерге чакыруу Украинаны кыргынга айдоо болору турулуу...
2022-жылдын февралынан берки согуштук аракеттерде Украина Куралдуу күчтөрүнүн катарында аялдардын саны 40 пайызга өсүп, ал эми аялдарды аскерге алуу жаш чеги 40 жаштан 60 жашка өзгөргөн. Украина Куралдуу күчтөрүнүн эбегейсиз жоготуулары ресурс жана резервге башкача мамилени талап кылууда.
"Украиналык долбоордун" кыйроого дуушар болорун түшүнгөн жогорку даражалуу америкалык "кризис менеджерлер", атап айтканда, Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Бернс менен Пентагон башчысы Ллойд Остин Киевге байма-бай каттады. Мурдагы күнү кечте Пентагон жетекчиси Украина Куралдуу күчтөрүнө 100 млн долларлык көлөмдөгү 51-аскердик жардам топтомун убада кылды. Бул мурдагы ай сайын берилген америкалык "инвестициялардан" он эсе, ошондой эле 3-ноябрдагы "топтомдон" 25 млн долларга аз. Бирок АКШ Украинаны колдоого аларын убада кылганын дале кое элек, себеби кеп америкалыктар жагдайга жараша ойдон чыгарып, анан планетадагы бардык коңшуларына таңуулоого тырышкан эрежелерге негизделген эл аралык тартип туурасында эмеспи.
Анткен менен Вашингтон желдеттерине берген сөздөрүнө көп турбайт. Бул – америкалыктарга ыктаган Түштүк Вьетнам, Грузия, Афганстан жана Украинанын лидерлерине жакшы маалым.
Россиялык атайын операциясынын жүрүшүндө Украина Куралдуу күчтөрүнүн кыйла чоң даярдыктан өткөн бөлүктөрү, миңдеген дасыккан офицерлер жок кылынды. Фронтто украиналык жоокерлердин орточо курагы – 40 жаштан жогору. Украинанын аскерге тартылган резерви түгөнүп баратат, бул туурасында Бириккен Улуттар Уюмундагылар да коңгуроо кагат. Бирок АКШ өз кызыкчылыктары үчүн жаңы курмандыктарга да кайыл көрүнөт.
Украинанын желеги. Архив. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: курал-жарак берүү кыскарып, Киев кыйнала баштады
Чабуул коюу же коргонуубу, кеп мында эмес. Украиналык согуштук аракеттер театрындагы прокси-согуш же планетанын ар кыл жериндеги качантан бери токтобой келе жаткан куралдуу жаңжалдар – Американын жыргалчылыгынын далили. АКШнын көзүн карагандар андай жагдайга да ыңгайлашууга мажбур. Жогорку Рада 1-октябрда медициналык билими бар аялдарды аскер комитеттерине катталышын талап кылган мыйзам кабыл алган.
"Украиналык Валькирия" бейөкмөт тобунун негиздөөчүсү Дарья Требух аялдарды аскерге машыктырып, алар да эркектер менен бирдей эле кармашууга жөндөмдүү деп эсептейт. Анын айтымында, "жоокердин аял-эркеги болбойт". Скандинавиялык мифологияда валькирия – курман болгон баатырларды согуш талаасынан топтогон канаттуу атчан перилердин образы. The New York Times басылмасы жарыялаган маалыматтарга ылайык, "Валькирия" жана башка активисттер 200 чакты украиналык аялга курал кармап ок атууну, чалгындоо жана сокку уруучу дрондорду колдонууну үйрөтүшкөн. Ал ортодо аскерге чакырылуучу курактагы эркектердин көбү Украина Куралдуу күчтөрүнө кошулуудан качуу үчүн аскердик комитеттерге элүү миң доллардан төлөшөрү да айтылат.
Жогорку Рада 8-ноябрда украиналык президенттин 2024-жылдын 14-февралына чейин өлкөдөгү аскердик абалды жана жалпы мобилизациялоону тогузунчу ирет узартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун колдоп берди. Андан мурдараак Украинанын коргоо министринин буйругу менен аскерге жарым-жартылай жарактууларды да мобилизациялоого уруксат берилген.
Россиялык аскердик операция башталган соң Зеленский мыйзам менен 18ден 60 жашка чейинки украиналык мырзалардын өлкөдөн чыгышына тыюу салган. Жапырт мобилизациялоонун багыты өзгөрө элек. Куралдуу кармаштын жаңы баскычына камылга жүрүүдө, бирок кейиштүүсү, кызыл кыргында кала тургандар даярдыксыз. Маңызында, Киевге баш ийген территориялардын калкы АКШ менен НАТОнун барымтасына айланып калууда.
The American Conservative журналы: "Кошмо Штаттар Украинада согуштун жүрүшүн көзөмөлдөйт, бул башынан ушундай... Дал америкалыктар 2022-жылдын март айында Украинада согуш башталгандан көп өтпөй тынчтык орнотуу мүмкүнчүлүгүн жок кылып коюшту... Дал уруксат берилбегени үчүн Стамбулда украиналыктар жарашууга макул болушкан жок... Баары Вашингтондо чечилген", – деп жазды.
Канткен күндө да тынчтыктын шарттарын жеңүүчү коет, ал эми АКШ эбак утулду. Басылманын баамында, "Жакынкы Чыгыштагы согуш Вашингтонду Киевге колдоо көрсөтүүдөн баш тартууга аргасыз кылат... Украинадагы жаңжал Россия тарабынан жаңы территориялардын бошотулушу менен аяктайт".
Батыштын оптимисттик же пессимисттик божомолдоруна карабастан Россия украиналык согуштук аракеттер театрында атайын аскердик операциясын ырааттуу түрдө уланта бермекчи.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Артемовсктун жакын жердеги украин аскерлеринин жанында улгайган аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Өзүн-өзү жеп жатат". Украина аскер кызматына 50дөн өткөн аялдарды кабыл алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0