Кыргызстандык студенттер эл аралык интернет-олимпиадада жеңүүчү болушту

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүОкуу учурунда студеттер. Архивдик сүрөт
Окуу учурунда студеттер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Жазылуу
Дүйнөнүн шайлоо системалары боюнча өткөн эл аралык IV интернет-олимпиадага КМШ өлкөлөрүнөн 2 476 киши катышкан.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык студенттер "Дүйнөнүн шайлоо системалары" деп аталган интернет-олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн катарында болушту. Бул туурасында КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин катчылыгынан кабарлашты.
Шериктештиктин жогорку окуу жайларынын 122 студенти 90 жана андан көп балл алып, жеңүүчү болушкан. Алардын арасында учурда КРСУда билим алып жаткан эки кыргызстандык — Астан Маликов менен Мекен Шүкүрбеков бар.
Байгелүү орунга илинген 178 студенттин ичинен алтоо кыргызстандык. Алар: Акылбек Адилжанов, Максат Кыргызбаев (экөө ОшМУ), Айдай Асангулова, Мээримай Улукбекова, Нурбек Беккулов (үчөө КРСУ) жана Ангелина Байжанова (РЭДУ).
"Жеңүүчүлөр менен байгелүү орундарды ээлегендерге дипломдору электрондук түрдө жөнөтүлөт. Эми алар Парламенттик эл аралык үчүнчү мектептин ишине, Илимий-практикалык эл аралык конференцияга катышат. Анын илимий дебаттары 12-декабрда өтөт", — деп айтылган билдирүүдө.
Аталган интернет-олимпиада КМШнын ПААсынын Демократиянын өнүгүшүнө мониторинг кылган эл аралык институту, Илимий маалыматтардын эл аралык борбору жана Саратов мамлекеттик юридикалык академиясы тарабынан уюштурулган. Ал 15-сентябрдан 30-октябрга чейин өткөн. Иш-чарага 172 ЖОЖдон 2 476 студент катышкан.
Кыргызстандык студенттер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Пресс-борбор
Кыргызстандык студенттер 50 миң рубль грант ала алышат
Жаңылыктар түрмөгү
0