Палестин-израиль чыры: Байдендин кеңсеси эки жээкке бөлүнүп калганы айтылууда

© AFP / DANIEL SLIMВашингтондогу Ак үйдун алдындагы Палестина желеги. Архивдик сүрөт
Вашингтондогу Ак үйдун алдындагы Палестина желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Жазылуу
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы чатакка Байдендин администрациясынын мамилесинен улам Мамдепартаментте да эки ача пикир жаралганын билдирген.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин кеңсеси палестин-израиль жаңжалы боюнча эки жээкке бөлүнүп калганын Washington Post ишенимдүү маалымат булактарына таянуу менен билдирди.
Басылма бул чыр Байден үчүн президенттигиндеги эң оор учур болуп калганын белгилеген. Маалыматка ылайык, Ак үйдүн 20дай кызматкери өлкө башчынын кеңешчилери менен жолугууну өтүнүп, Газа секторундагы жай тургундардын өлүмүн азайтуу үчүн өкмөт кандай чара көрөрүн билмек болушкан.
"Алдын ала маалымдалбаган бул жолугушуу Байдендин аракеттери ырааттуу операция жүргүзүп жатабыз деп мактанган Ак үйдү эки жаат кылып бөлүп койгонун көрсөттү", — деп айтылат макалада.
Анткен менен гезит Газа секторундагы жаңжал АКШ администрациясын башка маселелерге караганда көбүрөөк түйшүккө салганын белгилеген.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы чатакка Байдендин администрациясынын мамилесинен улам Мамдепартаментте да эки ача пикир жаралганын билдирген. Анын айтымында, Вашингтондо бул пикир келишпестиктерди талкуулаган атайын форумдар уюштурулуп, АКШнын дүйнө жүзүндөгү өкүлчүлүктөрүндө кадимкидей талкуулар жүрүп жатат.
Московский Кремль. В центре: Большой Кремлевский дворец. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
"Ойгонолучу!" Францияда Россия боюнча күтүүсүз сунуш айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0