Кыргызстанда калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы өтөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФемида таразасы. Архивдик сүрөт
Фемида таразасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Жазылуу
Он күндүктүн алкагында жарандарга пенсия, жөлөк пул, паспорт, жарандык алуу, жер тилкелери боюнча акысыз юридикалык кеңештер берилет.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 1-декабрдан 10-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында калкка укуктук жардамды бекер көрсөтүү декадасы өтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай саамалык Кыргызстандын Конституциясынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата уюштурулуп жатат.
"Декаданын алкагында жарандарга пенсия, жөлөк пул, паспорт, жарандык алуу, жер участоктору жана алардын документтерин, декларацияларын, мурастарын тариздөө, ошондой эле жарандык, үй-бүлөлүк, кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча юридикалык кеңештерди бекер беришет", — деп айтылат маалыматта.
Укуктук-консультациялык жардам дем алыш күндөрү да саат 10:00дөн 16:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча көрсөтүлөт:
Бишкек шаары боюнча:
Биринчи май району: VEFA Center соода борбору, Горький көчөсү, 27/1;
Ленин району: "Азия Молл" соода борбору, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 3;
Свердлов району: Калкты тейлөө борбору, Жибек Жолу проспектиси, 381;
Октябрь району: "Асанбай" соода комплекси, Асанбай кичи району, 52/3.
Чүй облусу боюнча:
Жайыл району: Мамлекеттик администрациянын имараты, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, 110;
Москва району: Мамлекеттик администрациянын имараты, Беловодское айылы, Ленин көчөсү, 27;
Панфилов району: Калкты тейлөө борбору, Панфилов айылы, Центральная көчөсү, 24;
Сокулук району: Мамлекеттик администрациянын имараты, Сокулук айылы, Фрунзе көчөсү, 116;
Ысык-Ата району: Калкты тейлөө борбору, Кант шаары, Ленин көчөсү, 97;
Чүй району: Калкты тейлөө борбору, Токмок шаары, Сарбагышева көчөсү, 84а;
Кемин району: Калкты тейлөө борбору, Кемин шаары, Ленин көчөсү, 86а.
Талас облусу боюнча:
Талас шаары: "Глобус" супермаркети, Оторбаев көчөсү, 136;
Чыңгыз Айтматов району: Жаштар борборунун имараты, Кызыл-Адыр айылы, Кожомуратов көчөсү;
Бакай-Ата району: Бакай-Ата айылы, Отунбай көчөсү, 40;
Манас району: Юстиция үйү, Покровка айылы, Кояшев көчөсү;
Ысык-Көл облусу боюнча:
Каракол шаары: Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Абдрахманов көчөсү,105;
Жети-Өгүз району: "Юстиция Үйү", Кызыл-Суу айылы;
Ак-Суу району: Калкты тейлөө борбору, Теплоключенка айылы;
Тоң району: Тоң райондук мамлекеттик администрациясы, Бөкөнбаев айылы, Атакан көчөсү, 53;
Чолпон-Ата шаары: Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы, Совет көчөсү;
Түп району: Түп райондук социалдык фонддун башкармалыгы, Түп айылы, Элебаев көчөсү;
Нарын облусу боюнча:
Ат-Башы району: Ат-Башы райондук нотариалдык кеңсеси, Ат-Башы айылы, Мутай Жунусов көчөсү, 11/1;
Нарын шаары: "Кыргыз почтасы", Токтосунов көчөсү, 24;
Жумгал району: "Юстиция үйү", Чаек айылы, Турсунбаев көчөсү.
Ош облусу боюнча:
Ош шаары: "Келечек базары", Оштогу калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Кара-Суу шаары: "Туратали базары", Кара-Суу шаарынын борбордук аянты;
Өзгөн районундагы борбордук базар, борбордук аянт;
Ноокат районундагы борбордук базар;
Ноокат районундагы калкка юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Алай районундагы борбордук базар, калкка юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Кара-Кулжа районундагы борбордук базар, калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Араван районундагы борбордук базар, калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Чоң-Алай районундагы калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Жалал-Абад облусу боюнча:
Жалал-Абад шаары: "Мир" кинотеатры, калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Сузак районундагы борбордук базар;
Аксы районундагы калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Ала-Бука районундагы калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Базар-Коргон районундагы калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Кара-Көл шаарындагы калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Ноокен районундагы борбордук базар;
Токтогул району: Токтогул райондук администрация, 1-кабаты;
Таш-Көмүр шаарындагы калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору;
Тогуз-Торо району: Тогуз-Торо райондук администрациясы, 1-кабат;
Баткен облусу боюнча:
Баткен шаарындагы борбордук базар;
Кадамжай районундагы борбордук базар;
Лейлек районундагы борбордук базар;
Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук базар.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
Радио
Сыдыков: параюристтер долбоору элеттеги элдин укуктук сабатын жогорулатат
Жаңылыктар түрмөгү
0