Дарыгер көпкө чейин ыктытуу эмнеден кабар берерин айтты

© Photo / Freepik / stefamerpikЫктытуу. Архивдик сүрөт
Ыктытуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Жазылуу
Адис ыктытуу токтобой жатса дарыгерге кайрылуу зарыл экенин белгилеген.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Көпкө чейин тынбай ыктытуу өлүмгө жетелөөчү олуттуу оорудан белги бериши мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосуна курган маегинде терапевт Алексей Хухрев айтып берди.
Адистин айтымында, кыска-кыска убакытка ыктытуу көп эле адамда кездешет. Бул ашыкча тоюп алганда, ысыктан дароо суукка чыга калганда, стресстен, катуу чочуп кеткенде, спирт ичимдигин көп ичип алганда же чылымды артыкча чеккенден улам болушу мүмкүн.
"Бирок адам алты саат бою тынбай ыктытса бул "өжөр" ыктытуу, олуттуу маселе бар. Өзгөчө түрдүү каражат, аракеттерден кийин да токтобосо өтө коркунучтуу. Узакка созулган сайын коркунуч чоң экенинен кабар берет", – деген Хухрев.
Дарыгер белгилегендей, узакка созулган ыктытуу нервдердин биринин бузулушунан улам болот. Бул нервдин түрдүү бутакчалары бар, ошол бутакчанын кулактын арты аркылуу өткөн бөлүгү жабыркаса адам ыктыта баштайт. Мындан тышкары, ал фарингиттен улам да болушу мүмкүн.
"Андан да терең карай турган болсок, кекиртекте же калкан безде бир нерсе такалып калса киши ыктытат. Астма, аорта аневризмасы, ашказанда шишик же жара болсо, аппендицит болсо, өт баштыкчасынын сезгенүүсү, гепатит, инфаркт да буга себеп болушу мүмкүн. Эгерде ыктытуу узакка чейин токтобой жатса дарыгерге кайрылуу зарыл", – деп түшүндүргөн терапевт.
Ал кыска убактагы ыктытууну токтотуунун жолдорун да айтты. Мисалы, жылуу жерден суукка чыгып, дароо ыктытып баштаса жылуу суу ичүү менен токтотууга болот. Адам ашыкча тоюп алгандан же көп ичип алгандан ыктытса ашказанды тазалоо зарыл. Кээде моюндун жаактын астындагы бөлүгүн укалоо менен да ыктытууну кетирсе болот. Демди кармап, колду ийин тараптан артка алып, бири-бирине кайчылаштырып мүмкүн болушунча артка түздөө да абалдан чыгууга жардам берет.
Пациентти караган врач. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0