UnHerd: Путиндин Жакынкы Чыгышка жасаган сапары Батышты тынчсыздандырууда

© Sputnik / Alexei Nikolsky / Медиабанкка өтүүРоссиянын Президенти В.Путиндин Сауд Аравиясына болгон сапары. Архивдик сүрөт
Россиянын Президенти В.Путиндин Сауд Аравиясына болгон сапары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Жазылуу
Бул жумада Владимир Путин БАЭ менен Сауд Арабиясына барып, саясий жетекчилиги менен жолукту.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин Жакынкы Чыгышка жасаган сапары Батыш мамлекеттерин тынчсыздандырууда. Бул тууралуу UnHerd жазды.
Маалыматта Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер улам жаңы союздаштар менен ымала түзүп жатканы белгиленген.
"Россия менен Сауд Арабиясы глобалдык сооданы доллардан арылтууга ниеттенүүдө. Эр-Рияд мунай казуунун көлөмүн көбөйтүүдөн баш тартып Москвага жардам берди. Бул нерсе АКШнын администрациясын катуу айтпаганда нааразы кылды. Путиндин сапары Жакынкы Чыгыш мамлекеттери башка союздаштарды тандаганын көрсөттү. Ал эми Вашингтондун буга бут тосууга чамасы жетпейт", — деп айтылат маалыматта.
Шаршембиде россиялык лидер БАЭге барып президент Мохаммед бен Заед Аль-Нахайян менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан соң Путин Сауд Арабияга сапар алып, өлкөнүн мураскор ханзаадасы Мухаммед Бен Сальман Аль Сауд менен Эр-Риядда жолуккан.
РФ лидери Владимир Путин Россия зовёт! инвестициялык форумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Путин: батыш элитасы рыноктук принциптерди жокко чыгарууга чейин барды
Жаңылыктар түрмөгү
0