Бишкекте Айтматов менен Гамзатовдун чыгармачылыгы боюнча лекция окулат

© Фото / Александр ФедоровЖазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт
Жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Жазылуу
Уюштуруучулар эки улуу инсанды достук байланыштырганын белгилешти.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Дагестандын эл акыны Расул Гамзатовдун чыгармачылыгы боюнча лекция окулат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди.
© Sputnik / Михаил Озерский / Медиабанкка өтүүЖазуучу Чыңгыз Айтматов менен Дагестандын эл акыны Расул Гамзатов. Архидик сүрөт
ГАМЗАТОВ АЙТМАТОВ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Дагестандын эл акыны Расул Гамзатов. Архидик сүрөт
Иш-чара 12-декабрь күнү саат 14:00дө Бишкектеги “Русский дом” борборунда (Эркиндик проспектиси 2/1) өтөт.
Лекцияны Россия менен Кыргызстандын маданият министрликтери, ошондой эле Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурат.
Лекцияны редактор, журналист, адабият таануучу, үн архивисти, музей кызматкери Павел Крючков окуй турганы айтылды.
"Эки жазуучуну достук байланыштырып турган. Расул Гамзатов Кыргызстанга бир нече ирет келип кеткен. Иш-чарада сиздер Чыңгыз Айтматов менен Расул Гамзатовдун өмүрү, чыгармачылыгы жана достугу тууралуу кызыктуу фактылар менен гана таанышпастан, белгилүү жазуучулардын үнүн кайталангыс архивдик жазуулардан уга аласыздар", — деген уюштуруучулар.
Иш-чарага катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу катталуу керек.
Эске салсак, бул жылы Айтматовдун 95 жылдыгы, Гамзатовдун 100 жылдыгы белгиленүүдө.
Мектеп окуучуларынын театр фестивалы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Бишкекте мектеп жана жаштар театрынын фестивалы өтөт. Кирүү акысыз
Жаңылыктар түрмөгү
0