Мэрия шаардыктарды коомдук транспортко өтүүгө чакырды

© Sputnik / Акбар АкжигитовКар жаап жаткан учурда автобус жолдо бара жатат. Архивдик сүрөт
Кар жаап жаткан учурда автобус жолдо бара жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
Жазылуу
Муниципалитет аба ырайына карабай коомдук транспорттун иштөө графиги ошол бойдон кала берерин эскерткен.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Мэрия Бишкек шаарынын тургундарын аба ырайына байланыштуу коомдук транспортко өтүүгө чакырды.
Муниципалитет демилгени жол кырсыктарын алдын алуу максатында сунуштап жатат.
"Борбордогу коомдук транспорт шаардыктарды штаттык режимде таңкы саат 5:00дөн түнкү 23:30га чейин тейлейт. Саат 9:00дөн тарта 114 троллейбус, "Бишкек автотранспорт" ишканасынын 396 автобусу, "Жүргүнчүлөрдү ташуу" башкармалыгынын 276 автобусу, "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсынын 110 жеке автобусу жана "Аламүдүн АвтоТранс" ишканасынын 5 автобусу жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, шаар боюнча 634 микроавтобус иштеп, зарыл болгон учурда линияга дагы кошумча автобус, троллейбустар чыгарыла турганы кошумчаланды. Мэрия аба ырайына карабай коомдук транспорттун иштөө графиги ошол бойдон кала берерин эскерткен.
Суук аба ырайында көчөдө бара жаткан бала. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Ызгаардуу суук башталат. Кыргызстанда 16-декабрга чейинки аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0