Абдан кайдыгербиз! Жапаров шайлоого катышпагандарды сынга алды

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Жазылуу
Өлкө башчы кыргызстандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктар шайлоого кайдыгер мамиле жасап жатканын Элдик курултайдагы суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Өлкө башчы жакында Бишкек шаарынын Ленин районунда болгон эки шайлоого эл дээрлик катышпаганын белгиледи.
"Чоң шайлоолордо деле, президенттик, парламенттик болобу... абдан кайдыгербиз. 100 метр турган шайлоо участогуна барбай коёбуз. 20 мүнөтү кетет, кезек күтсө 30 мүнөтү кетет. Анан беш жыл бою шайланган депутатты же президентти сөгүп жүрүп өтөбүз", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле бул маселе боюнча депутаттарга дагы кайрылганын билдирди.
"Балким, мыйзам жазасыңарбы, балким, шайлоого катышпагандарга административдик айып пул салалыбы дегем", — деди президент.
Андан соң Түркиянын шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салган мыйзамын мисал келтирди. Жапаров сөзүнүн соңунда кыргызстандыктарды жарандык позицияны көрсөтүп, шайлоого активдүү катышууга чакырды.
Бишкек шаарында өтүп жаткан II Элдик курултай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Курултайдын делегаты тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, залдагылар кол чапты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0