Ош шаары жана Ош облусундагы базарлар ижара акысын азайтты. Тизме

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОштгу бир базарларынын жер жемиш саткан жери. Архивдик сүрөт
Оштгу бир базарларынын жер жемиш саткан жери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2023
Жазылуу
Айрым базарлар ижара акысын 20 пайыз түшүрсө, кээ бири 50 пайызга чейин төмөндөтүп берген.
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Ош шаары жана Ош облусундагы базар ээлери соодагерлерге ижара акысын төмөндөтүп, тиешелүү шарттарды түзө баштады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
"Министрлер кабинетинин салык мыйзамдарын реформалоо иштеринин алкагында жана ишкерлерди колдоо максатында УКМК Ош шаарындагы жана Ош облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлерине ижара акысын төмөндөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Алар демилгени жакшы кабыл алып, өлкө жетекчилигин жана алар жүргүзгөн саясатты колдоого даяр экендигин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.
Ижара акысын төмөндөтө турган базарлар:
Ош шаары боюнча:
"Келечек" кийим-кече базары ижара акысын 30 пайызга түшүрдү;
"Кудайберди" автотетик базары ижара акысын 25 пайызга түшүрдү;
"Ош Акташ" автотетик базары ижара акысын 25 пайызга;
"Арча" соода үйү ижара акысын 20 пайызга;
"Момун ата" базары ижара акысын 50 пайызга;
"Орозбү" кичи базары ижара акысын 25 пайызга;
"Фрунзенский" кичи базары ижара акысын 20 пайызга;
"Бостон" кичи базары ижара акысын 30 пайызга;
"Бексултан" кичи базары ижара акысын 25 пайызга.
Кара-Суу районунда базар ээлери ижара акысын 20 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүшкөн. Алар:
"Сайкал ЮГ" ЖЧКсы;
"КСБ" ЖЧКсы;
"Аманат МДМ" ЖЧКсы;
"Хон Тей Ян" ЖЧКсы;
Жээнбекова, жеке ишкер;
Надыров, жеке ишкер;
Адылов, жеке ишкер;
Б. Шайназарова, жеке ишкер.
Өзгөн району боюнча:
"Дан" базары ижара акысын 30 пайызга;
Жашылча базары, ижара акысын 30 пайызга;
Оюнчук базары ижара акысын 30 пайызга;
"Келечек" соода борбору ижара акысын 30 пайызга түшүрдү.
Ноокат району боюнча:
"Ноокат ТРК" борбордук базары ижара акысын 20 пайызга;
"Береке Гранд" соода комплекси ижара акысын 20 пайызга түшүрдү.
Араван району боюнча:
Жашылча базары ижара акысын 50 пайызга;
Кийим-кече базары ижара акысын 50 пайызга төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
"Ак-Була" базары ижара акысын 50 пайызга төмөндөттү.
Базардын жер жемиш саткан жери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Ысык-Көлдөгү базарларда ижара акысы 20%га чейин арзандады
Жаңылыктар түрмөгү
0