Бивол эки жагына эки курду тагынды. Спортчунун жеңишинин видеосу

© AP Photo / John LocherБоксчу Дмитрий Бивол. Архив
Боксчу Дмитрий Бивол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Жазылуу
Спортчу бокстун WBA Super жана IBO версиялары боюнча чемпион болду.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Токмокто төрөлүп-өскөн Дмитрий Бивол бокс боюнча эки уюмдун версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталды.
Бивол британиялык Линдон Артур менен беттешти. Дмитрий раунддардын бардыгында үстөмдүк кылып, калыстардын бирдей чечими менен жеңишти камсыздады. Ал Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмундагы (WBA) чемпиондук наамын коргоп, атаандашынын Эл аралык бокс уюмундагы (IBO) титулун тартып алды.
Турнир Сауд Арабияда өтүп, ага дүйнөнүн эң мыкты 16 боксчусу катышты.
Сууда сүзүү боюнча кыргызстандык спортчу Денис Петрашов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Денис Петрашов АКШдагы чемпионатта алтын утту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0