26-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКар жаап жаткан кезде кол чатыр көтөрүп бара жаткан кыз. Архивдик сүрөт
Кар жаап жаткан кезде кол чатыр көтөрүп бара жаткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Жазылуу
26-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 25-Дек. — Sputnik. 26-декабрь, шейшембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +2...+7, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9 градус жылуу болсо, Нарында 0...-5 градуска чейин суук болору болжолдонду.
Борбор калаада күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы +3...+5 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +6...+8 градус жылуу болот.
Жылмайган кыз тиштерин тазалап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Эртең менен күүлүү-күчтүү, сергек көрүнөм десеңиз. Дарыгердин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0