ЕАЭБ мамлекеттери Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол койду

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүЕАЭБ мамлекеттери Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол койду
ЕАЭБ мамлекеттери Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 25-дек. - Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Документ 2019-жылдан берки убактылуу келишимдин ордун басат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кол коюу аземи Санкт-Петербургда өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында өттү. Документке Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович, РФ вице-премьери Алексей Оверчук жана Иран өнөр жай, кен байлык жана соода министри Аббас Алиабади кол койду. Мындан тышкары, Беларусь, Армения, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин өкүлдөрү кол коюшту.
ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндөгү убатылуу келишим 2018-жылдын 17-майында түзүлүп, 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген.
Экономист Нургүл Акимова. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Радио
ЕАЭБ ичиндеги өндүрүшчүлөргө каралган жеңилдиктер тизмектелди
Жаңылыктар түрмөгү
0