Чүйдө жылына 1,7 млн. тонна цемент чыгарган завод курулууда

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЦемент заводунун территориясында жук ташуучу машиналар. Архив
Цемент заводунун территориясында жук ташуучу машиналар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Жазылуу
Долбоор Кыргызстанды цемент импортунан арылтат, ал эми Чүй облусундагы цементтин баасы 20 пайызга түшөрү айтылды.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Чүй облусунда жылына 1,7 миллион тонна продукция чыгара турган цемент заводу курулууда. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди.
Маалыматта долбоордун жалпы баасы 160 миллион долларды түзөрү айтылат. Анын 45 миллионун РКӨФ бөлүп, бул сумма фонддун тарыхындагы эң ири насыя болуп саналат. Заводдун жабдуусу Россия менен Кытайдан алынмакчы.
Эл аралык компаниялардын бири тарабынан салынып жаткан заводдо 650 жумушчу орун түзүлөт. Ишканада өндүрүштүк газдан электр энергиясын иштеп чыккан уникалдуу технология колдонулуп, анын жардамы менен абаны булгоочу парник газы чыкпай калат.
Долбоор Кыргызстанды цемент импортунан арылтат, ал эми Чүй облусундагы цементтин баасы 20 пайызга түшөрү айтылды.
РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков аталган долбоордун арты менен фонд өндүрүштү илгерилетүү, импортту алмаштыруу, экология жана социалдык багытта бир нече маселени чечип жатканын белгилеп, мындай ишканалардын курулушу менен министрлер кабинетине жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.
Суу сактагычтан сууну агып чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2023
Ак-Суу районунда РКӨФтүн колдоосу менен чакан ГЭС курулат
Жаңылыктар түрмөгү
0