1-январдан тарта Төө-Ашуудан тоннель аркылуу өтүү кымбаттайт. Жаңы баа

© Фото / пресс-служба МЧС КРТөө-Ашуудагы тоннель. Архивдик сүрөт
Төө-Ашуудагы тоннель. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Жазылуу
Жеңил унааларга 5 сомдон, салмагы оорлорго андан көбүрөөк кошулган.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек — Ош жолундагы тоннелдер аркылуу унаалардын өтүүсүнө төлөм тарифи өзгөртүлгөнүн кабарлады.
Ага ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта "Сосновка" жана "Кара-Көл" көзөмөл-өткөрүү пунктулары аркылуу өтүү кымбаттайт. Тагыраагы, жеңил унаалар (айдоочудан тышкары 8ден ашпаган оруну бар автоунаа) үчүн 50 сом (мурун 45 сом болчу) болот. Ал эми чет өлкөлүк же транзиттик болсо 200 сом алынат;
микроавтобустар жана 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар – 100 сом (75 сом болчу). Ал эми чет өлкөлүк жана транзиттик автоунаа – 1 000 сом;
автобустар жана 5 тоннадан ашпаган транспорт үчүн – 150 сом (мурун 125 сом болчу). Чет өлкөлүк жана транзиттик транспорт үчүн – 1500 сом;
3,5 тоннадан ашпаган жүк ташыган транспорт үчүн — 100 сом. Ал эми чет өлкөлүк жана транзиттик транспорт үчүн – 1000 сом;
жүк ташыган 12 тоннадан ашкан транспорт үчүн — 250 сом. Ал эми чет өлкөлүк жана транзиттик транспорт үчүн — 3 000 сом;
трактор, комбайндар үчүн – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик транспорт үчүн — 5000 сом.
Бишкектин чок ортосунда кыймылды чектөө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Эскертүү! Бишкектин чок ортосунда кыймыл 30-декабрдан 1-январга чейин чектелет
Жаңылыктар түрмөгү
0