Бишкекте жаңы жыл түнү автобустар "Ала-Тоо" аянтынан 12 багытта жүрөт. Тизме

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЖаңы жылдык маршруттагы автобустун салону. Архив
Жаңы жылдык маршруттагы автобустун салону. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Жазылуу
Кошумча суроолор жаралса 0 505 192 619 номерлүү ишеним телефонуна кайрылса болот.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Баш калаанын "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык көңүл ачуучу иш-чаралардан кийин 1-январга караган түнү коомдук муниципалдык автобустар шаардыктарды бир канча каттамдар менен ташыйт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1-январда саат 00:30дан баштап:
"Ала-Тоо" аянты – Рухий Мурас конушу;
"Ала-Тоо" аянты – Көк-Жар конушу;
"Ала-Тоо" аянты – 12-кичи район;
"Ала-Тоо" аянты – Чоң-Арык аймагы;
"Ала-Тоо" аянты – Совмин шаарчасы;
"Ала-Тоо" аянты – Арча-Бешик конушу;
"Ала-Тоо" аянты – Ак-Ордо конушу;
"Ала-Тоо" аянты – Ала-Тоо конушу;
"Ала-Тоо" аянты – Ак-Босого конушу;
"Ала-Тоо" аянты – Бакай-Ата конушу;
"Ала-Тоо" аянты – Эне-Сай конушу;
"Ала-Тоо" аянты – Аламүдүн-1 кичи району.
Мэриядан учурдагы троллейбустук каттамдар да 1-январда саат 00:30дан 01:30га чейин Киев көчөсү менен жүрөрүн билдиришти.
Кандайдыр бир суроолор жаралса 0 505 192 619 номерлүү ишеним телефонуна кайрылууга болот.
Бишкектин чок ортосунда кыймылды чектөө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Эскертүү! Бишкектин чок ортосунда кыймыл 30-декабрдан 1-январга чейин чектелет
Жаңылыктар түрмөгү
0