28-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКарагайдын бутактарында жаткан кар. архивдик сүрөт
Карагайдын бутактарында жаткан кар. архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Жазылуу
28-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бейшембиде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +10…+15, Талас чөлкөмүндө +7…+12, Ысык-Көл жеринде +1…+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Нарын облусунда -4…+1 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градуска жетет.
Бишкекте балдар кар менен ойноп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Министрлик майрам, каникулда балдардын коопсуздугун камсыздоого буйрук чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0