29-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жюльен Маттиа / Медиабанкка өтүүКар жаап жаткан учурда жолдо бараткан аял. Архив
Кар жаап жаткан учурда жолдо бараткан аял. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Жазылуу
28-30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 29-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +7...+12, Ысык-Көл облусунда +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде 0...-5 градуска чейин суук болот.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градус жылуу болору айтылды.
Энергияны үнөмдөөчү жана ысытуу лампалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Энергетиктер электр энергиясына чыгымды азайтуунун жолдорун сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0