Энергетиктер электр энергиясына чыгымды азайтуунун жолдорун сунуштады

© Sputnik / Петр ЧерновЭнергияны үнөмдөөчү жана ысытуу лампалары. Архив
Энергияны үнөмдөөчү жана ысытуу лампалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Жазылуу
Адистер кышкысын жылуулукка чыгымды көбөйтпөө үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоого чакырган.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр — ар бир үй-бүлөнүн милдеттүү чыгымдарынын бири.
"Бишкек электр тармактары" ишканасы кышкысын электр энергиясына, жылуулукка чыгымдар бир кыйла көбөйөрүн эске алуу менен аны үнөмдөө жолдорун сунуштады:
кадимки эски лампаларды энергияны үнөмдөй турган лампаларга алмаштырыңыз. Заманбап, эффективдүү LED-лампалар электр энергиясын 10 эсе аз сарптайт;
бөлмөдөн же үйдөн чыкканда жарыкты өчүрүңүз;
керексиз учурда тиричилик шаймандарын өчүрүп туруӊуз;
А классындагы энергия керектөөчү тиричилик техникасын сатып алыңыз, алар кадимки электр энергиясына караганда үч эсе аз энергия талап кылат;
радиаторлордун артына жылуулук чагылдыргычтарды орнотуңуз. Бул аракет менен жылуулукту жоготууну азайтасыз да, жылыткычтарды колдонбой койсоңуз болот;
батир, үйлөрдү заманбап технологияларга ылайык жылуулоо сунушталат;
энергиянын альтернативдүү булактарын — күн батареяларын жана коллекторлорду колдонуңуз.
Үйдү жылуулоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Кышка кам: адистер үйдү кантип жылуулоо керектигин айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0