Бишкек: эртеңден тарта 146-каттам менен автобустар жүрө баштайт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАялдамада автобус кутуп турган жүргүнчүлөр
Аялдамада автобус кутуп турган жүргүнчүлөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Жазылуу
Автобустук жаңы каттам "Аламүдүн" жана "Орто-Сай" базарларын камтымакчы.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Эртеңден, 29-декабрдан тарта, Бишкекте №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирмекчи. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Каттамга баш-аягы 25 автобустун чыгары, анын интервалы 8-10 мүнөт болору айтылды.
№146 муниципалдык автобустук каттам "Аламүдүн" жана "Орто-Сай" базарларын камтымакчы.
"Каттамдын баштапкы аялдамасы - "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасы (Алма-Ата – айланма жол көчөлөрүнүн кесилиши), акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы", — деп билдиришти мэриядан.
Маалымат кызматы мэрия тарабынан айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишиндеги (Аламүдүн району) Чыгыш автобекетин шаардын сыртына көчүрүү максатында Бишкек автобекети ("Бишкек автобекети" ишканасы) уюштурулганын билдирди. Мындай кадамдын аймактардын экологиясын жакшыртууга жана автоунаа тыгындарын жоюуга жардам берерин айтышкан.
Эске салсак, буга чейин элди аталган аймакта 146-маршруттук каттам тейлеп келген.
Жаңы жылдык маршруттагы автобустун салону. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Бишкекте жаңы жыл түнү автобустар "Ала-Тоо" аянтынан 12 багытта жүрөт. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0