Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКол чатыр кармаган кыз кар жаап жаткан учурда жолдо бара жатат. Архив
Кол чатыр кармаган кыз кар жаап жаткан учурда жолдо бара жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Жазылуу
Абанын температурасы 12-январдан баштап төмөндөй баштайт.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада өлкө аймагында аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Ага ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык жана жылуу болору айтылды. Абанын температурасы 12-январдан тарта төмөндөй баштайт.

Чүй, Бишкек

7-11-январга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 11...13 градуска чейин жылуу болушу ыктымал. 12-январда күндүн көзү бузулуп, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт деп божомолдонду. 13-январда да кар жаай турганы айтылды. Абанын температурасы 4...6 градуска чейин төмөндөйт.

Талас облусу

7-январь эртең менен жана күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. 8-январдан 12-январга чейин күн ачык болору божомолдонду. Абанын температурасы 11...13 градуска чейин жылыса, 12-январдан тарта 4...6 градуска түшөт. 13-январда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаашы ыктымал. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарына 8-январда жана 12-13-январда жаан, кар жаашы ыктымал. Башка күндөрү, тагыраагы, 7-9-10-11-январда күн ачык болору күтүлүүдө. Абанын температурасы 10-январда 16 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн. Башка күндөрү деле күндүз 9...10 градустан төмөндөбөйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл облусунда 12-январда кар жаашы ыктымал. 13-январда Чолпон-Ата шаарына кар түшөт. 7-11-январга чейин абанын температурасы 3...8 градусту көрсөтүп, күн ачык болот. Нарын облусунда 12-13-январда кар жаайт деп божомолдонду. Ага чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы болжол менен -3…-8 градустун тегерегинде болот.
Бишкек ЖЭБинин коопсуздук техникасы жана ишмердүүлүк кызматынын башчысы Байыш Алманбет уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Радио
Алманбет уулу: Бишкек ЖЭБинин кампасында 310 миң тонна көмүр бар
Жаңылыктар түрмөгү
0