Кыргызстан экспортунун 40%дан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаага жүк жүктөө. Архив
Жүк ташуучу унаага жүк жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча (өткөн жылдын январь-октябрь айлары), экспорт 2,4 миллиард доллардан ашкан.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстан экспортунун 40 пайыздан ашыгы Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөргө туура келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Соңку көрсөткүчтөр боюнча (өткөн жылдын январь-октябрь айлары), экспорт 2 миллиард 443,9 миллион долларды түзгөн, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 миллиард долларга аз.
Тизме:
ЕАЭБ — 40,7 пайыз (жалпы экспорттун 24,3 пайызы Россияга, 15,7 пайызы Казакстанга туура келет);
Европа — 29 пайыз (мунун 27,2 пайызы Швейцарияга туура келет, бул өлкөгө алтын сатылат);
КМШ ЕАЭБди эске албаганда — 9,9 пайыз (9,5 пайызы Өзбекстанга туура келет);
Африка — 0,3 пайыз;
Америка — 0,2 пайыз.
Ошондой эле чакан көлөмдө Австралия менен Океанияга товар жөнөтүлгөн.
Экономист Нургүл Акимова. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Радио
ЕАЭБ ичиндеги өндүрүшчүлөргө каралган жеңилдиктер тизмектелди
Жаңылыктар түрмөгү
0