№3 балдар ооруканасында 2 жашар бөбөк чарчап калды. Дарыгер менен апасы эмне дейт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала оорукана. Архивдик сүрөт
Бала оорукана. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2024
Жазылуу
Башкы дарыгер бөбөккө тийиштүү жардам көрсөтүлгөн десе, баланын апасы дарыгер кислородго отургузуп өзү тышка чыгып кеткенин айтты.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. №3 балдар ооруканасында чарчап калган эки жашар бөбөк боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
13-январь күнү М.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, медициналык кызматкерлерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, дарыгерлер 2021-жылы төрөлгөн К.А. карата кесиптик милдеттерин начар аткаргандыктан бала чарчап калган.
“Факт Октябрь райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө. Толук маалымат кийинчерээк берилет”, – деп айтылат маалыматта.
Ал эми №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Sputnik агенттигине дарыгерлер балага колдон келген жардамын көрсөткөнүн билдирди.
“Кечээ күнү баланын апасы түшкү саат 14:30да бизге кайрылган. Бала эки күндөн бери ооруп жаткан экен, бирок апасы ошол убакыт аралыгында дарыгерлерге барган эмес. Баланын дем алуусу начар болгондуктан педиатр кезексиз дароо кабыл алган. Бейтапты таразага тартып, салмагына жараша дары берилип, ингаляция жасалган. Ооруканага келгенде сатурациясы 82 болгон, кислородго кошуп 96-98ге көтөрүлгөн. Рентген дагы тартылган. Баланын абалы туруктуу болгондуктан Жалдагы ооруканага жеткирүү үчүн тез жардам чакыртылган. Бала ата-энесинин колунда болчу. 20 мүнөттөн кийин абалы начарлап кеткендиктен дароо реанимацияга жаткырылган. Биздин дарыгерлер колдон келгенин жасашты, тилекке каршы, бөбөк чарчап калды. Медиктер тарабынан баары туура жасалган, видеодо жазылып турат”, – деди Маманов.
Анын айтымында, дарыгерлер милицияны чакырып, сөөктү моргго жөнөтүшкөн. Ички кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн, эми биринчи күндөн тарта бул окуяны атайын комиссия карай баштайт.
Ал эми бөбөктүн апасы Кайыргүл дарыгерлер шалаакылык кылганын айтууда.
“Балам декабрда эки жашка толгон. 13-январь күнү эртең менен саат 10:00дө кышылдап баштады. Ага чейин оорубай жапжакшынакай жүргөн. Дем алуусу начарлагандай кышылдап жатты. Градусник койсом температурасы 37,8 экен. Ибуфен берсем эс ала түшкөндөй уктап калды. Баламдан улуу кыздарым бар. Үйдө жалгыз болгондуктан баарын кийинтип даярдаганча саат 12 болду. Балам дагы ошол кезде ойгонду. Кышылдаганы кеткен жок. Тез жардамга чалсам бир сааттан кийин гана бара алабыз дешти. Ошондуктан такси чакырып, саат 14:30да №3 балдар ооруканасына кирип бардым. Дарыгер дароо кабыл алды. Бир нерсе жутуп алган жокпу деп рентгенге тартышты, баары таза чыкты. Анан жамбашына укол сайып, башка ооруканага барасыңар деп Тез жардам кызматын чакырышты. Балам улам агарып-көгөрүп жатат, кайдагы башка оорукана, азыр жардам бергиле деп сурандым. Анан ингаляция жасашты. Балам улам колу менен тартып анысы да жакшы жасалган жок. Кислородго отургузушту, андан да жардам болгон жок. Дарыгер көрүп эле турду. Уулум көгөрүп, кайра агарып атты. “Эже, көрүп жатасызбы” десем, “менин сменам бүттү, башка карайт” деп кетип калды. Жаңы келген аял да кирип-чыгып жакшы караган жок. “Эже, бала көгөрүп жатат го” десем “көгөрбөй эле жакшынакай турат, тез жардам келет, ага чейин эч нерсе кыла албайм, отуруп турсун” деп кетип калды. Дарыгер жок бөлмөдө баламды кучактап жалгыз отурдум. Тышта турган жолдошума айтып дарыгерди чакырттым. Келгенден кийин “и-ий, көгөрүп кетиптир, бас реанимацияга” деп кислородду колдон жулуп сүйрөп жатпайбы... Реанимация тышта экен, беш мүнөттөй көтөрүп бастым. Реанимация бөлүмүнө балам тууралуу эч кандай маалымат беришпептир. Ал жактагылар “уулуңуз кайсы жылкы, эмне болду эле?” деп кайра менден сурап жүрүшөт. Саат беш жарымда балам чарчап калганын айтышты. Жакшы көңүл бурулганда балам тирүү калат беле, эки саатта алдырып ийдим”, – деди Кайыргүл.
Ал шалаакылык кылган дарыгерлерге чара көрүлүшүн талап кыларын кошумчалады.
Тиш тазалатууга барып чарчап калган үч жашар бөбөк окуясы боюнча 31 жаштагы Т.А. аттуу тиш дарыгери кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
Тиш тазалатууга барып чарчап калган бөбөк. Анестезиолог кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0