Адис: балдар үйдө сүйлөшкөнүбүздүн баарын угуп, ошого жараша калыптанат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖаш балдар. Архивдик сүрөт
Жаш балдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 15-янв. – Sputnik. Бала көргөнүн кылат. Мисалы, күнүнө дасторкондун үстүндө эмне сүйлөшкөнүбүздүн баарын угуп, ошого жараша калыптанат. Бул тууралуу ата-энелердин онлайн-мектебинин куратору Гүлсара Мадаминова Sputnik агенттигиндеги маегинде билдирди.
Анын айтымында, атаандашып той өткөргөндү жаш муундар да чоңдордон калышпай улантып жатканы ошондон. Анткени алар "баланча жакшы той берди, андан калып калсак уят" деген сөздү угуп чоңойгон.
“Дасторкондо отуруп алып мугалимди жамандашат. Аны бала кулагына куюп, сиңирип жатат. Эртең ал ошол мугалимди сыйлайбы? Жок. Биз түшүндүргөндөн кийин үйүндө туура эмес сөздөрдү сүйлөп, бирөөлөрдү ушактап жүргөндөрүн өздөрү да мойнуна алат. Ушундан улам үйдө кандай сөздөр сүйлөнүшү керек экенин айтып беребиз. Мындан тышкары, ата-энелерге тапшырмалар да болот. Ак барак берип, "балдарыңарга көп айткан сөздөрүңөрдү жазгыла" десек көбү уялып, жазганын көрсөткүсү келбейт”, - деди Мадаминова.
Маектин толук вариантын окуңуз.
Сочи спустя пять лет после Олимпиады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Балдарга интернеттен да кызыктуураак болушубуз керек. Педагог менен маанилүү маек
Жаңылыктар түрмөгү
0