Өлкөдө электр энергиясына күндүзгү жана түнкү тариф киргизилиши мүмкүн

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЭлектр эсептегичтерин алмаштыруу. Архивдик сүрөт
Электр эсептегичтерин алмаштыруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстанда электр энергиясына күндүзгү жана түнкү тариф киргизилиши мүмкүн. Бул туурасында энергетика министри Таалайбек Ибраев парламенттин тармактык комитетинде билдирди.
"Биз жаңы эсептегичтерди койгондон кийин түнкү жана күндүзгү тариф киргизүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул биринчи кезекте каралып жатат. Түнкүсүн жана дем алыш күндөрү электр энергиясына такыр башкача баа болот. Кудай буюрса, май айында тарифтик саясатты өзгөртөбүз", — деди министр.
Депутат Элдар Сулайманов өлкөгө мындай практика керектигин айтты. Анын баамында, түндө калк үчүн жарыктын баасы күндүзгүдөн арзан болот.
Энергияны үнөмдөөчү жана ысытуу лампалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Энергетиктер электр энергиясына чыгымды азайтуунун жолдорун сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0