Кыргызстандык дарыгерлер иммунитетти дарысыз көтөрүүнүн жолдорун атады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Эркиндик бульварында ит менен сейилдеп жүргөн кыз. Архив
Бишкектеги Эркиндик бульварында ит менен сейилдеп жүргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Жазылуу
Адистер чың ден соолук тазалыктан башталарын эске салып, колду ар дайым самындап жууш керектигин айтты.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору дары ичпестен ден соолукту чыңдап, иммунитетти көтөрүүнүн бир нече жолун атады.
Аталган борбор начар иммунитет ар дайым оору же алсыздык менен коштолорун белгилеп өткөн. Мындай жагымсыз нерселерди алдын алуу үчүн төмөнкү нерселерди сунуштаган:
стресстен оолак болуу;
жаныбарларга жакын болуу;
достук мамилени чыңдоо;
жашоодо болуп жаткан окуялардан жакшы нерсени көрө билүү. Күлүп жүрүү, позитивдүү ойлонуу иммунитетти көтөрөрү талашсыз;
туура тамактануу. Тез татымдардан, таттуу, майлуу тамактардан баш тартуу зарыл;
кыймылда болуу;
уйкуну көзөмөлдөө.
Жаш балдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Адис: балдар үйдө сүйлөшкөнүбүздүн баарын угуп, ошого жараша калыптанат
Жаңылыктар түрмөгү
0