Бишкектин четиндеги жаңы автобекетке кайсы маршрутка, автобустар каттайт? Тизме

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектеги аялдамадан жүргүнчүлөр кичи автобуска отуруп жатышат. Архив
Бишкектеги аялдамадан жүргүнчүлөр кичи автобуска отуруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Мэрия айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы автобекет штаттык режимде иштеп жатканын айтып, ал жакка кайсы маршрутка, автобусттар каттап жатканын айтты.
"Аймактардан келген элдин ыңгайлуулугу үчүн шаардык каттамдар уюштурулду. Аларды "Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы" тейлейт. Каттамда №211, №123, №104, №285 кичи автобустар жана №146 автобус иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет бүгүнкү күндө жаңы автобекет менен 5 ташуучу компания (100дөн ашык машина) кызматташып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Бишкектеги Батыш автобекети айланма жол менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишине көчүрүлүүдө. Бул жактан автоунаалар өлкөнүн чыгыш тарабына (Токмок, Кемин, Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Балыкчы, Бөкөнбаев, Жети-Өгүз, Каракол, Ананьево, Чолпон-Ата, Бостери) каттайт.
Аялдамада автобус күтүп турган жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире 30-январдан тарта жогорулайт
Жаңылыктар түрмөгү
0