Өкмөт "Керемет банкты" Улуттук банктан сатып алууну көздөп жатат

© Фото / пресс-служба Керемет БанкаКеремет Банкынын имараты
Керемет Банкынын имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
Улуттук банк башка банктарды көзөмөлдөөчү орган болгондуктан, кызыкчылыктардын каршы келишин болтурбоо үчүн сатууга туура келүүдө.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети Улуттук банктан "Керемет банкты" 7,1 миллиард сомго сатып алууну көздөп жатат.
Тийиштүү мыйзам долбоору өкмөт башчы тараптан демилгеленип, Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Документтин негиздемесиндеги урунттуу учурлар:
өкмөт Финансы министрлиги аркылуу банктын акцияларынын 97,45 пайызын сатып алат (калганы Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги менен жеке тараптарда болот);
Улуттук банк башка банктарды көзөмөлдөөчү орган болгондуктан, кызыкчылыктардын каршы келишин болтурбоо үчүн сатууга туура келүүдө;
министрлер кабинети артыкчылыктуу секторлорду кредиттөө аркылуу экономиканы өнүктүрүү жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн арттырган активге ээ болот;
Көз карандысыз баа берүүчү компания акциялар топтомунун рыноктук наркын 7 млрд 126 млн 432 миң сомго баалады;
Улуттук банк "Кереметке" 8 млрд 216 млн 574,4 миң сом инвестиция салган. Активдин баасы менен инвестициянын айырмасын түзгөн 1 млрд 90,1 млн сом башкы банктын таза чыгымы болот.
Программисттер Бишкектеги коворкинг центрде иштеп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Улуттук банк программисттерди жумушка чакырат. Талаптар
Жаңылыктар түрмөгү
0