Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донецкиге жасалган соккудан көз жумгандардын саны 25ке жетти

© Sputnik / Виктория Веленская / Медиабанкка өтүүУкраина Куралдуу күчтөрүнүн Донецкинин түштүк-батышындагы базарды аткылоосу
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донецкинин түштүк-батышындагы базарды аткылоосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Жазылуу
РФ ТИМинин билдирүүсү боюнча, Киевдин террордук чабуулу өлкөнүн тынчтык орнотууга саясий эрки жетпей турганын көрсөтүүдө.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донецкинин түштүк-батышындагы базарды аткылоосунан көз жумгандардын саны 25ке жетти. Бул тууралуу ДЭР жетекчиси Денис Пушилин Telegram каналы аркылуу билдирди.
"Мындан тышкары, кеминде дагы 20 киши жаракат алган, арасындагы эки баланын абалы орто оор деп бааланып жатат. Жабырлануучулардын баарына тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө. Оор жаракат алгандар бар, айрымдарынын буту-колу үзүлүп кеткен", — деди Пушилин.
Анын айтымында, кварталга сокку 152 мм жана 155 мм калибрлүү артиллериялык куралдан жасалган. Украина Куралдуу күчтөрү Текстильщик кичи районундагы базарды эл көп келген жекшемби күнү аткылаган.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги украин күчтөрүнүн Донецкиге жасаган чабуулун кескин сынга алып, эл аралык структуралар менен өкмөттөрдү да бул кадамды сындоого чакырды.
Ведомство Киевдин террордук чабуулу өлкөнүн тынчтыкка дипломатиялык жол менен келүү ниети жоктугун көрсөтөрүн белгиледи.
"Атайын аскердик операциянын зарылдыгы айкын. Украина тараптан эч кандай кооптуулук болбой, терактылар жасалбашы керек", — дешти ТИМден.
Донецкиге жасалган сокку Россиянын сурамы менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин дүйшөмбү күнү Украина боюнча өтө турган жыйынындагы талкууланчу тема болот. Ага ТИМ жетекчиси Сергей Лавров катышмакчы.
АКШнын Деңиздеги аскер күчтөрүнүн мурдагы чалгынчысы, аскердик аналитик Скотт Риттер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык мурдагы чалгынчы Украина согушу үчүн россиялыктардан кечирим сурады
Жаңылыктар түрмөгү
0