Садыр Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСтин суусунун пайдасы кошуналарга тиет

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖалала-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭСи. Архив
Жалала-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭСи. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин пайдасын Кыргызстан эле эмес, коңшу мамлекеттер да көрө турганын айтты.
Ал Кыргызстан Нарын суусунун бир пайызын гана сугатка же ичүүчү суу катары колдонсо, 99 пайызы Өзбекстан менен Казакстанга агып кирип кетерин белгилеген.
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп баштабадыкпы. Бул ГЭСтен суунун пайдасы кошуналарга тиет. Бизге электр энергиясы гана пайда. Эгер Камбар-Ата-1 ГЭСи бүтсө, аны кыштын күнү электр энергиясын алыш үчүн иштетип, Токтогул ГЭСине чогулган сууну сугат мезгилинде кошуналарга жетишерлик көлөмдө берип турсак болот. Өзүбүздү эле эмес, кошуналарды дагы ойлоп иш кылып жатабыз. Түбөлүк кошуна болгондон кийин түпкүлүгүн да ойлошубуз керек. Анан "биз суу башында турабыз, суу бербейбиз" деген акылга сыйбаган иш. Баарыбыз бир тууган элбиз, түбөлүк кошунабыз, бири-бирибизге көп нерселерден көз карандыбыз", — деген Жапаров.
Нарын дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Үч ири долбоорго мамлекеттик маанидеги статус берилди. Анын ичинде ГЭСтер бар
Жаңылыктар түрмөгү
0