Кытайлык компания Кыргызстанда ГЭС жана ЖЭС курууга белсенүүдө

© Sputnik / Виталий Рагулин / Медиабанкка өтүүСброс воды на ГЭС. Архивное фото
Сброс воды на ГЭС. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады кубаттуулугу 1 305 мегаваттан турган үч гидроэлектр станциясынан турат.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кытайдын China National Electric Engineering Co.Ltd. компаниясы энергетика тармагында кызматташуу меморандумдарына кол коюшту.
Документтердин негизги максаты Суусамыр-Көкөмерен ГЭСин жана Кара-Кече жылуулук станциясын куруу болуп саналат. Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бул объектилерди кытайлык компания салууга белсенүүдө.
Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады кубаттуулугу 1 305 мегаваттан турган үч гидроэлектр станциясынан турат. Алар:
Каракол ГЭСи – 33 МВт;
Көкөмерен ГЭС-1 – 360 МВт;
Көкөмерен ГЭС-2 – 912 МВт.
Жылдык болжолдуу өндүрүшү 3,3 миллиард киловатт-саатты түзөт.
Ал эми Нарындагы Кара-Кече жылуулук станциясынын кубаттуулугу 600 МВт болмокчу.
Министрликтин маалымат кызматы баасы жана техникалык-экономикалык негиздемеси качан даяр болору азырынча белгисиз экенин кошумчалады.
Жалала-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭСи. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Садыр Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСтин суусунун пайдасы кошуналарга тиет
Жаңылыктар түрмөгү
0