Кызыл-Кыяда "Сапат" лицейинде окуучу сабалды. ОИИБ менен министрликтин аракети

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркек соккудан бетин жаап алат. Иллюстративдик сүрөт
Эркек соккудан бетин жаап алат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
Окуя 24-январда болгон.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде окуучунун сабалган окуясы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин социалдык тармакта эркек киши окуучуга кол көтөрүп, уруп-согуп жаткан видео тараган. Анда окуя Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде болгону жазылган.
Облустук милиция окуя тууралуу 24-январда маалымат түшкөнүн айтып, аталган факт Бирдиктүү реестрге катталганын белгиледи. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы министрликтин өкүлдөрү тез арада ал жакка барарын билдирди.
Окуучу сабак учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Ала-Букада мугалим окуучусуна 17 ирет ийне сайган. Окуя териштириле баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0