"Сапатта" сабалган окуучу. Лицей администрациясы үн катты

© Фото / пресс-служба МОУ "Сапат"Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейи. Архив
Кызыл-Кыя шаарындагы Сапат кыргыз-түрк лицейи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
Окуу жай жабыркаган окуучулар менен алардын ата-энелеринен кечирим сураган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде окуучунун сабалган окуясына байланыштуу мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулду. Бул тууралуу аталган лицейдин администрациясы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул окуядан улам мектеп директорунун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат. Лицей администрациясы жабыркаган окуучулар менен алардын ата-энелеринен кечирим сураган.
Буга чейин социалдык тармакта эркек киши окуучуга кол көтөрүп, уруп-согуп жаткан видео тараган. Анда окуя Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде болгону жазылган. Облустук милиция аталган факт Бирдиктүү реестрге катталганын билдирип, териштирүү жүрүп жатканын кошумчалады. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы министрликтин өкүлдөрү тез арада ал жакка барарын билдирген.
Окуучу сабак учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Ала-Букада мугалим окуучусуна 17 ирет ийне сайган. Окуя териштириле баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0