Кыргызстан менен беттештен кийин Омандын машыктыруучусу иштен алынды

© AFP / KHALED DESOUKIФутбол боюнча Оман курама командасынын машыктыруучусу Бранко Иванкович. Архив
Футбол боюнча Оман курама командасынын машыктыруучусу Бранко Иванкович. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
Омандын Футбол федерациясы Иванкович менен келишимди узартууну каалабай турганын билдирген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Футбол боюнча Оман курама командасынын машыктыруучусу Бранко Иванкович Кыргызстан менен беттештен кийин кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Омандын Футбол федерациясы кабарлаган.
Кечээ кечинде Кыргызстан менен Оман курама командалары беттешип, 1:1 эсеби менен тең чыккан. Мындай жыйынтык эки команданы тең плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, мелдештен четтетти. Оюндан жарым саат өтпөй Омандын Футбол федерациясы Иванкович менен келишимди узартууну каалабай турганын жар салган.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Команда менен калам деп үмүттөнөм! Штефан Таркович оюндан кийин үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0