Сокулукта 338 киши ээси бар жер тилкесин алган. 9 адам кармалды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКишен. Архивдик сүрөт
Кишен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2024
Жазылуу
Милиция экс-чиновниктерди жана жергиликтүү кеңеш депутаттарын колго түшүргөн.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Сокулук районунда жерге байланыштуу коррупциядан улам 338 киши жабыр тартканын Чүй облустук ИИББи билдирди.
Маалыматта 2022-жылы Новопавловский айыл аймагынын жетекчилик кызматтагы адамдары жергиликтүү кеңештин депутаттары жана "Семетей-Интер" коомдук фонду менен жең ичинен сүйлөшүп, жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүшкөн. 338 адамдан турган тизме жазылып, аларга "Семетей" конушунан жер берилген. Кийин бул жер тилкелеринин ээси бар болуп чыгып, 2011-жылы айыл өкмөттүн чечими менен жер тилкелери башка адамдарга бөлүнгөнү аныкталган. Жер тилкелерин жаңыдан сатып алгандар менен мурунку ээлеринин ортосунда талаш чыккан.
Факт боюнча 336-берененин ("Коррупция") негизинде кылмыш иши козголду. Тинтүү учурунда шектүүлөрдүн айыбын далилдөөчү документтер табылган.
Милиция Новопавловский айыл өкмөт башчысынын мурунку орун басарын, жер маселелери боюнча жоопкер адисти, жергиликтүү кеңештин мурунку төрт депутатын жана "Семетей-Интер" коомдук фондунун үч мүчөсүн кармады.
Аял арыз жаткан учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Мунапыстын алкагында жерине кызыл китеп берүүнү сурап 136 миң жаран арыз берди
Жаңылыктар түрмөгү
0