Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги толугу менен кызматтан кетти

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргыз футбол союзунун экс-президенти Медербек Сыдыков. Архивдик сүрөт
Кыргыз футбол союзунун экс-президенти  Медербек Сыдыков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргыз футбол союзунун (КФС) аткаруу комитети менен президенти мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырганын КФСтин маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, футбол боюнча Азия кубогундагы оюнда Кыргызстандын курама командасы эки ирет утулуп, бир оюнда тең эсеп менен чыккан. Натыйжада тайпада акыркы орунду ээлеп, континенталдык биринчиликтин плей-оффуна чыга алган эмес.
Бүгүн, 29-январда, КФСтин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, анда Футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков Азия кубогундагы кыргызстандык команданын көрсөткөн оюну боюнча маалымат берген. Соңунда аткарган милдетинен баш тартарын билдирди.
"КФС президентинин билдирүүсүн эске алып коллегиялык орган катары аткаруу комитети да мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырууну чечти. Мындай чечим футболду өнүктүрүүгө жана КФС жетекчилигине жаңы адамдардын келишине шарт түзүү үчүн кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Президент менен аткаруу комитетинин укуктары КФСтин кезексиз конгрессин өткөргөнгө чейин сакталат. Ал ушул жылдын 19-февралына белгиленген, шайлоо ушул күнү өтөт.
Эскерте кетсек, Сыдыков президенттикке 2021-жылдын октябрында, ал эми аткаруу комитетинин азыркы курамы 2022-жылдын апрелинде шайланган.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Команда менен калам деп үмүттөнөм! Штефан Таркович оюндан кийин үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0